Суроо: Мечитте жаш балдарды арткы сапка жылдыруу важиппи?
Жооп: Ар бир баланы чоңдордун сабынан чыгарып, артка жылдыруу важип эмес. Чоңдор да, балдар да көп болгондо саптардын сүннөт тартиби сакталат.
Матнда:
«وَيَصُفُّ الرِّجَالُ ثُمَّ الصِّبْيَانُ ثُمَّ النِّسَاءُ»
Мааниси: «Адегенде эркектер, андан соң балдар, андан соң аялдар сапка турушат».
Булак: مختصر القدوري باب صفة الصلاة، 29-б.
Мунун чегин аталган китепке шарх бергендер (кененирек коментарий) минтип такташат:
«أَنَّ الصَّبِيَّ الْوَاحِدَ لَا يَكُونُ مُنْفَرِدًا عَنْ صَفِّ الرِّجَالِ بَلْ يَدْخُلُ فِي صَفِّهِمْ»
Мааниси: «Жалгыз бала эркектердин сабынан бөлүнүп турбайт, алардын сабына кирет».
Булак: البحر الرائق شرح كنز الدقائق باب الإمامة
Ошондуктан жалгыз баланы артка жалгыз тургузуу туура эмес. Балдар чоңдордун арасында турганы үчүн эле намаз бузулбайт. Тартипти балдарды таарынтпай, намаз баштала электе түшүндүрүү керек.