Фатвалар
Жел чыккандай сезилди, бирок үн да, жыт да жок. Даарат жаңыланабы?
26.11.2026

Суроо: Жел чыккандай сезилди, бирок үн да, жыт да жок. Даарат жаңыланабы?

Жооп: Жөн гана шек же ичтеги кыймыл себептүү даарат бузулбайт. Намазын улантат.

«وَمَنْ أَيْقَنَ بِالْحَدَثِ وَشَكَّ فِي الطَّهَارَةِ أَوْ بِالْعَكْسِ أَخَذَ بِالْيَقِينِ»

Мааниси: «Дааратсыз экенине ишенип, тазалыгынан шектенсе же тескерисинче болсо, анык билген абалына таянат».

Булак: الاختيار لتعليل المختار، كتاب الطهارة  1/11

Бирок үн жана жыт даарат бузулуунун милдеттүү эки шарты эмес. Адам желдин сыртка чыкканын анык билсе, үнсүз жана жытсыз чыкса да даарат бузулат. Бул суроодогу өкүм  чыгып-чыкпаганы белгисиз болгон шекке тиешелүү.

Бөлүшүү