Фатвалар
Ассаламу алейкумменин суроом мындай : Менден өзүнөн өзүзаара чыгып турат , анан мен ар бирнамазга өзүнчө даарат алам. Куптан намазына дарат алып ошол даарат менен казанамаздарды окуй берсем болобу , жеаларга дагы өзүнчө даарат алышым керекпи?
25.11.2026

Суроо: Ассаламу алейкумменин суроом мындай : Менден өзүнөн өзүзаара чыгып турат , анан мен ар бирнамазга өзүнчө даарат алам. Куптан намазына дарат алып ошол даарат менен казанамаздарды окуй берсем болобу , жеаларга дагы өзүнчө даарат алышым керекпи?

Жооп: Эгер сиз үзүрлүү адам болсоңуз, ар бир намаздын убагыкиргенде даарат алып, ошол даарат менен намаздын убагы чыгып кеткенге чейинөзүңүз каалаган фарз, каза жана нафил намздарды окуй алсыз. Ар бир намзгакийимди тазалоо дагы зарыл эмес. Эгер сиздин заараңыз токтобой калса, намаздынакыркы убагына чейин даарат албастан заара токтоп калуусун күтөсүз. Эгернамаздын акыркы убагына чейин токтобосо, намаздын убагы чыгып кетүүдөн мурдадаарат алып, намаз окуйсуз. Намаз окуп бүткөндөн кийин, экинчи намаздын убагыкиргенде заара токтоп, экинчи намаздын убагы чыгып кеткенге чейин зааракелбесе, даарат алып биринчи намазды кайталап окуйсуз. Эгер экинчи намаздын убагында заара келипкалса, биринчи намазды кайталап окуу заарыл эмес. Эгер сиздин заараңыз бир намаздын убагыкирип, ошол намаздын убагы чыгып кеткенге чейин даарат алып намаз окуганчалык убакыт токтобосо же такыр токтобой, экинчи намаздын убагы кирип чыгыпкеткенге чейин бир аз келсе деле сиз үзүрлүү адам болуп эсептелесиз. Эгер заара токтоп, бир намаздын убагы кирип,ошол намаздын убагы чыгып кеткенге чейин заара такыр келбесе, сиз үзүрлүү адамдын өкүмүнөн чыгып кетесиз. Эми арбир намазга даарат алууңуз зарыл эмес, качан даарат бузулса ошол учурда даарат аласыз

Бөлүшүү