Суроо: Ассаламу алейкум! Заара чачыраса кабыр азабы бар дейт, заара чачырап шымга же кийимге тийсе эле болду кабыр азабына тушуп калабы же бул намазга таза кийим менен туруу деген маселеби тушундуруп берсениз.

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Албетте зааранын чачырап кетишине байланыштуу айтылган маселени Уламалар төмөнгүчө чечмелешет:  заара денеге же кийимге чачырап кеткенден кийин аларды тазалабай, башкача айтканда, тазалыкка көңүл бурбай таштап койсо, натыйжада  намаз жана башка ибадаттар алардын дурус болуусу үчүн тазалык шарт кылынган ибадаттар  окулбай калса, мына ушундай абалда күнөөкөр болуп азап чегип калуусу мүмкүн. Албетте заарадан сактануу бул намазга гана байланыштуу эмес, бардык эле учурда сактануу керек.

Эгер этияттуулукту сактап, ошого карабастан заара чачырап кетсе жана дароо ошол эле учурда денени жана кийимди жууп тазаласа анда эскертилген азаптан сак болот Ин шаа Аллах.

Эскертүү! Заара дегенде адамдын жана жаныбарлардын заарасы эске алынган.

"عن الحسن قال: قال رسول اللَّه صلى اللَّه عليه وآله وسلم: (استنزهوا من البول؛ فإنّ عامّة عذاب القبر من البول) ورواته ثقات مع إرساله. ويؤيد الحديث ما ثبت في الصحيحين وغيرهما في الحديث الذي قبل هذا. (قوله: تنزهوا من البول) التنزه البعد. (قوله: فإنّ عامّة عذاب القبر منه) عامّة الشيء معظمه، والمراد أنه أكثر أسبابه. والحديث يدل على وجوب الاستنزاه من البول مطلقًا من غير تقييد بحال الصلاة وإليه ذهب أبو حنيفة وهو الحق".
)
نيل الأوطار شرح منتقى الأخبار (١/ ١٧۳)
"واستدل الأصوليون بحديث: (استنزهوا من البول) أقول: إن المتبادر منه بول البشر أولاً، ويلحق به سائر الأبوال ثانياً".
)العرف الشذي شرح سنن الترمذي (١/ ١٠٩)

والله أعلم بالصواب

Ответил: FATVA.KG, Администратор
Поделиться
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?