Суроо: Ассаламу алейкум! Исламда жасалма кирпик уласа болобу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эч бир себепсиз эле, болгону мода үчүн гана узун кирпик чаптатууга болбойт. Себеби, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) мындай кылгандарга каргыш айткан. Ал эми эгерде кандайдыр бир оору, же кырсык себептүү кирпиктерден ажырап калган болсо, анда шарияттын чегинен ашпастан, өзүнүн табигий көрүнүшүнө алып келүү үчүн, кирпик койсо болот. Албетте, жөн гана мода үчүн, кирпигин узартып алуу төмөнкү себептерден улам дурус эмес:

1)     Мындай кылуу динибиз боюнча уятсыздардын жоругу болуп саналат. Мусулман аял мындай көрүнүштөн өтө этият болуусу керек.

2)   Медициналык көз караштан караганда, жасалма кирпик көзгө абдан чоң зыян алып келет. Ал эми денсоолук бул аманат. Ал үчүн сурак болот.

3)   Хадистерде мындай кылууга тыюу салынган.

4)   Эң бир коркунучтуу себеби бул – Аллах жараткан нерсеге ыраазы болбой, аны өзгөртүп жиберүүгө кирет. Ал эми мындай кылуу шариятыбызда – арам.

عن اسماء بنت ابى بكر قالت: لعن النبى صلى الله عليه و سلم الواصلة و المستوصلة. (صحيح البخارى رقم الحديث: ٥٩٣٧)

في الدر: و وصل الشعر بشعر الآدمي حرام سواء كان شعرها او شعر غيرها لقوله صلى الله عليه و سلم.

و تحته في الرد: قوله (سواء كان شعرها او شعر غيرها) لما فيه من التزوير... إلخ (رد المحتار ٩/٥٣٥، ط: امدادية).

لا يجوز استخدام الاظافر الصناعية و الرموش المستعارة و العدسات الملونة لما فيها من الضرر على محالها من الجسم و لما فيها أيضا من الغش و الخداع و تغيير خلق الله. ( فتاوى اللجنة الدائمة ١٧/١٣٣)

والله أعلم بالصواب

Ответил: FATVA.KG, Администратор
Поделиться
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?