Суроо: Ассаламу алейкум! Куранды жатып окуса болобу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Куранды адеп жана урмат менен окуу керек. Ошол үчүн жатып окубай кыблы тарабына отуруп окуш керек. Куранды окуганда төмөнкү адептерди сакташ керек:

1. Куранды даарат менен окуу керек, дааратсыз Куран китепти кармаган болбойт.
2. Окуп баштаганга чейин мисвак пайдалануу жана атр пайдалнуу мустахаб.
3. “Аузу биллах” жана ”Бисмиллах”ны окуу.
4. Таза жерге отуруп Куран окуу.
5. Куранды жерге койбоо.
6. Куранды окуганда кыбыла тарапты карап отуруп окуган жакшы.
7. Куран окуп жатканда аяттардын маанилерине ой жүгүртүү керек жана “мени Аллах Таала угуп жатат” деген ишеним менен окуу керек.
8. Ар бир окулган тамгага Аллах Таала сооп берет деген ишеним менен окуу керек.

9. Курандын ичинде менин бактылуугум бар деген ишеним болуу керек.
10. Куран окуп жаткан учурда эч кандай иш менен алек болбоо керек.
11. Куранды тартил менен окуу керек, башкача айтканда, ар бир тамганы туура окуш керек жана вакф болгон жерде токтош керек.

Куран Каримде дагы көп деген адептер бар.

رجل أراد أن يقرأ القرآن فينبغي أن يكون على أحسن أحواله يلبس صالح ثيابه ويتعمم ويستقبل القبلة لأن تعظيم القرآن والفقه واجب كذا في فتاوى قاضيخان (الفتاوى الهندية ٥/۳١٦ ط: سعيد).

فينبغي أن يستحضر في نفسه أنه يناجي الله تعالى ويقرأ على حال من يرى الله تعالى فإن لم يكن يراه فإن الله تعالى يراه... وينبغيإذا أراد القراءة أن ينظف فاه بالسواك وغيره... يستحب أن يقرأ وهو على طهارة... ويستحب أن تكون القراءة في مكان نظيف مختار... فإن أراد الشروع في القراءة استعاذ... فإذا أخل بالبسملة كان تاركا لبعض القرآن عند الأكثرين... فإذا شرع في القراءة فليكن شأنه الخشوع والتدبر عند القراءة...إلخ (التبيان في آداب حملة القرآن ٧٠-۸٩ ط: سعيد). 

والله أعلم بالصواب

Ответил: FATVA.KG, Администратор
Поделиться
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?