Суроо: Ассаламу алейкум! Хижаб мода үчүн кийүү кандай болот?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Коомчулуктун ичинде фитна жана бузукулукту, мисалы: зина, аборт ж.б. жоюш үчүн Аллах Таала мусулман аялдарга денени толук жабууга өкүм кылган. Мындайча айтканда, мусулман аялдын кийими эркектердин көнүлүн бура турган болбош керек. Кийимдин критерийлери мындай:

1. Кийим аялдын денесин толук жаап туруш керек.

2. Кийим денеге чыпталган болбош керек.

3. Кийим дене көрүнө тургандай жука болбош керек (просвечивающий).

4. Аялдын кийими эркектердин көңүлүн бурбаш керек.

عن أبي هريرة  قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "صنفان من أهل النار لم أرهما قوم معهم سياط كأذناب البقر يضربون بها الناس ونساء كاسيات عاريات مميلات مائلات روؤسهن كأسنمة البخت المائلة لا يدخلن الجنة ولا يجدن ريحها وإن ريحها ليوجد من مسيرة كذا وكذا (صحيح مسلم رقم: ۲١۲۸ باب النساء الكاسيات العاريات).

ومنها مشيهن في الأسواق في ثياب الفاخرة، وأنواع طيب فاتحة، مكشوفات الوجوه، مائلات: متبخترات (شرح أبي داؤد ۳/٥٤ ط: الرياض).

والله أعلم بالصواب

Ответил: FATVA.KG, Администратор
Поделиться
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?