Суроо: Ассаламу алейкум! Тырмак, чачтарды эмне кылуу керек? Сууга агызып жиберсе болобу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Шариат боюнча тырмак, чачтарды көмүп кою мустахаб (жакшыраак) болуп эсептелет. Бирок ванна жана ажатканада суу менен агызуу, ошондой эле таштандыга ыргытуу макрух болот (жакшы эмес). Себеби, инсандын ар бир мүчөсүнүнү урматы бар. Ошон үчүн хадистерде жана фикх китептерде чач, тырмак жана башка инсандын денесинин мүчөлөрүн көмүп кою керек –деп айтылат. 

إذا قلم أظافيره أو جز شعره ينبغي أن يدفن قلامته فإن رمى به فلا بأس وإن ألقاه في الكنيف أو المغتسل يكره (مرقاة المفاتيح ۸/۲٦٠ باب الترجل).

ولو قلم أظافيره أو جز شعره يجب أن يدفن وإن رماه فلا بأس به وإن رماه في الكنيف أو المغتسل فهو مكروه، وفي الفتاوى العتابية: يدفن أربعة: الظفر والشعر وخرقة الحيض والدم (البحر الرائق ۸/۲۳۲ ط: دار المعرفة).

فإذا قلم أظافيره أو جز شعره ينبغي أن يدفن ذلك الظفر والشعر المجزوز فإن رمى به فلا بأس وإن ألقاه في الكنيف أو المغتسل يكره ذلك لأن ذلك يورث داء كذا في فتاوى قاضيخان (الفتاوى الهندية ٥/۳٥۸ ط: رشيديه).

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?