Суроо: Ассаламу алейкум! Мульк сүрөөсүн күнүнө бир жолудан окуп жүрсө кабыр азабынан сактайт деп уктум. Бул сүрөөнү түнү окуш керек деп да уккам, ушул жөнүндө түшүндүрүп бересизби. сөзсүз түндө окуу керекби же күнү түнү айырмасы жокпу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Мүлк сүрөсүнүн пазилеттери жөнүндө айтылган кээ бир хадистер (МУТЛАК) жалпы мааниде айтылган, башкача айтканда убакыттын чектелиши жок. Ал эми айрым хадистерде түнкүсүн окуу айтылган, мисалы: Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) түнкүсүн «МҮЛК» сүрөсүн окубай уктачу эмес  –  деп айтылган. Демек, түнкүсүн окуганда, хадистердин эки түрүнө тең амал кылуу болуп саналат.

Абу Хурайра (разияллоху анху) дан риваят: пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) айтты: Куранда отуз аяттан турган бир сүрө бар, ошол аяттар (муслман) адамдын кунөөсу кечирилгенге чейин шапаат кылып турушат. Ал сүрө – "Табарокаллази биядихил Мулк!".

" حدثنا محمد بن بشار، قال: حدثنا محمد بن جعفر، قال حدثنا شعبة عن قتادة عن عباس الجشمي عن أبي هريرة عن النبي صلي الله عليه وسلم قال: إن سورة من القرآن ثلاثون آية شفعت لرجل حتي غفر له، وهي سورة تبارك الذي بيده الملك". (سنن الترمذي 5/14).

Жабир (разияллоху анху) дан риваят: Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) «Сажда сүрөсү менен Мульк сүрөсүн окубайын уктачу эмес».

حدثنا هريم بن مسعر، قال حدثنا الفضيل بن عياض، عن ليث عن أبي الزبير، عن جابر أن النبي صلي الله عليه وسلم كان لا ينام حتي يقرأ الم تنزيل و تبارك الذي بيده الملك. (سنن الترمذي 5/15).

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?