Суроо: Ассаламу алейкум! Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) көрүү үчүн эмне кылыш керек? Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) көрүү үчүн кандай дубалар бар?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) ды көрүү үчүн "ДУРУД ШАРИФ" (салаватты) көп айтуу керек. 

Шейх Абдулхак (рахматуллохи алайхи) "ТАРГИБ  АХЛ САЬАДАТ" китебинде мындай деп жазган:

“Жума куну кечинде эки рекет нафил намаз окуп жана окуп жатканда ар бир рекетинде 11 жолу АЯТУЛ КУРСИ жана 11 жолу “КУЛ ХУВАЛЛОХУ” ну окуп салам бергенден кийин 100 жолу Салават айтса, ин шаа Аллах үч жума өтпөй Пайгамбарыбызды (соллаллоху алайхи ва саллам) көрүү үмүт кылынат”.

Салават бул:

اللهم صل على محمد النبي الامي و آله و أصحابه و سلم

"Аллохумма солли аля Мухаммадинин-набийил уммий ва алихи ва асхабихи ва саллама".

Ошондой эле дагы башка жерде мындай деп жазга:

Кайсы бир адам эки рекет намаз окуп жана ар бир рекетинде фатиха сүрөөсүнөн кийин 25 жолу “КУЛ ХУВАЛЛОХУ АХАД” ну окуп салам бергенден кийин мин жолу салават окуй турган болсо, Пайгамбарыбызды (Соллаллоху алайхи ва саллам) көрүү үмүт кылынат.

Салават бул:

صلي الله علي النبي الامي

" Соллоллоху алян-набиййил уммий"

Албетте мындай чон дөөлөттүн насип болуусу үчүн ушул нерсе шарт кылынган:  Журок Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) мухабатка толгон болуусу жана сырткы, ички күнөөлөрдөн сактануусу керек. Намаз, орозо жана башка фарздарга конул бурбаган, арам, дурус эмес мамилелерге кайдыгерлик кылган адамдар тек гана бул салаваттарды айтып коюуу менен аларга мындай дөөлөт насип болбойт.

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?