Суроо: Ассаламу алейкум! Куран окушту үйрөтүп Курандан сабак берип үйрөткөнүнө акча алса болобу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Куранды окутуу жана үйрөтүү диний кызматтын эң жогорку деңгээли болуп саналат. Албетте, кимдин мүмкүнчүлүгү болсо акысыз сабак берүү бул эң чоң нээмат. Куранга акы төлөп окутууга болот. Себеби диний кызматкерлерге жакшы көңүл бурулбагандыктан улам, эгер акы төлөнбөсө анда, мугалимдер табылбай калуу коркунучу болгон себептүү динди коргоо жана сактап калуу максатында акча берип окутса болот. Ошондуктан динди коргоо зарылдыгын эске алып, кийинки Ханафий аалымдар Соохибу Хидая жана башка уламаларыбыз Куранды, хадисти жана фикхти үйрөткөндүгүнө жана Имамчылык кылгандыгына акы алууну адал деп уруксат беришкен.

قال العلامة الحصكفي رحمه الله تعالي: في الدر: و يفتي اليوم بصحتها اي (الإجارة) علي تعليم القرآن والفقه والإمامة والأذان. (الدر مع الرد: ٥/٤٦).

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?