Суроо: Ассаламу алейкум! Чачты эки жанын, капталын алып (лысый кылбай) үстүн калтырып, же өстүрүп аркага кайтарып жүрсө болобу? Негизи эле азыркы балдар кылган прическаларды кылса болобу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Чач алдыруунун кээбир  көрүнүштөрүнө шарият уруксат берет, мисалы: «Чачты эки жанын (лысый кылбай) бир аз алып, үстүн калтырып койсо м.а. каптал менен үстү тарабы айырмаланбагыдай кылып, же толук өстүрүп аркага кайтарып жүрсө» болот. Ал эми, кээбир көрүнүштөрүн шарият тыюу салат, мисалы: «Чачты ортосунан кырып, капталдарын калтыруу же капталдарын кырып, ортосун калтыруу же баштын ар кайсы жеринен кырдырып салуу.

Ибн Умар (разияллоху анхума) айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи ва саллам) «КАЗАЪ» кылууга тыюу салды. Ал айтты: Мен Наафиъге: «КАЗАЪ» деген эмне? Деп сураганымда, ал айтты: чачтын бир бөлүгү алынып, бир бөлүгүн калтырып коюу» - деди. Мына ушундан Пайгамбарыбыз (сааллаллоху алайхи ва саллам) тыюу салды.

Демек, чачты эки жанын, капталын (лысый кылып) кырып, үстүн калтыруу бул «КАЗАЪ» тын өкүмүнө кирет жана тыюу салынган амал болуп эсептелет. Ошондой эле, мусулман эмес башка коомдорду туурап прическа коюу да уруксат эмес.

يكره القزع وهو أن يحلق البعض ويترك البعض قطعا مقدار ثلاثة أصابع كذا في الغرائب وعن أبي حنيفة رحمه الله يكره أن يحلق قفاه إلا عند الحجامة كذا في الينابيع. (الفتاوي الهندية:٥/٣٥٧).
ویکرہ القزع: وهو أن یحلق البعض ویترک البعض۔ (رد المختار: ۹/۵۹۴، کتاب الحظر والاباحة، باب الاستبراء وغیرہ،).
عن ابن عمر أن رسول الله صلی الله عليه وسلم نهي عن القزع۔ (فتح الباری: ۱۰/۳۷۶، کتاب اللباس، باب القزع رقم الحديث ۵۷۱۰، ص:۵۹۲۰، ط: علی نفقة صاحب السمو الملکی الأمیر سلطان بن عبد العزیز آل سعود۔ وعنه قال: قال رسول الله صلی الله عليه وسلم: من تشبه بقوم فهو منهم۔ ابوداوٴد، کتاب اللباس، باب في لبس الشهوة، رقم الحدیث: ۴۰۳۱۔)

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?