Суроо: Ассаламу алейкум! Жолдон акча тапса алганга болобу же жокупу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгер табылган нерсе өтө эле жөнөкөй болуп, ээси аны издебей турган болсо мисалы: беш сом же он сом ж.б.у.с. анда, аны алып колдонсоңуз болот.

А, эгерде, ээси издей тургандай баалуу болсо анда, аны алып ээсине жеткириңиз. Эгер ээсин таппасаңыз, анда жарыялоочу булактар аркылуу издеп, тапканга аракет кылыңыз мисалы: эл көп жерлердеги кулактандыруу же гезиттеги жарнама ж.б.у.с.

Эгерде ээси табылбаса жана ээсине жетүү мүмкүн эмес деп ойлосоңуз, анда ээсинин тарабынан кедей – кембагалга садака кылып койосуз.

Ал эми, ээси кийинчерээк келип, садаканы кабыл кылбаса, тескерисинче жоголгон нерсесин сураса, анда ошол нерсенин өзүн же акчалай кайтарып берүүңүз керек. Мындай учурда, садаканын сообун сиз алып каласыз.

(ندب رفعها لصاحبها) إن أمن علی نفسه تعریفها وإلا فالترک أولی...(وعرف) أی نادی عليها حیث وجدها وفی الجامع (إلی أن علم أن صاحبها لا یطلبها أو أنها تفسد إن بقیت کالأطعمة) والثمار (کانت أمانة) لم تضمن بلا تعد فلو لم یشهد مع التمکن منه.... (فینتفع) الرافع (بها لو فقیرا وإلا تصدق بها علی فقیر ولو علی أصله وفرعه وعرسه.... (فإن جاء مالكها) بعد التصدق (خیر بین إجازة فعله ولو بعد هلاكها) وله ثوابها (أو تضمینه) (الدرالمختار وحاشیة ابن عابدین (رد المحتار) 6/438

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?