Суроо: Ассаламу алейкум! Сууга колдонулган шланганы эки жыл мурун мончонун суусу тушкон чункур толуп кеткенде иштеткем. Эми азыр таза иче турган сууга колдонсом болобу? Ыплас суудан кийин арыктан суу тартып иштетип келгем.

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде шланга өзүнө нажасаттарды сиңирип албаган жылмакай болсо жана ыплас нерселер кармалыпта калбаса, аны үч жолу жакшылап жууп коюу жетиштүү болот. Ал эми, эгерде шлангадан жаман жыт чыгып жаткан болсо жана ыплас нерселер туруп калган болсо анда сууну шлангадан агызып коюуңуз, бул суу «агын суунун» өкүмүндө болот жана жаман жыттанган суу чыгып кеткенден кийин, эгер таза, табигий суу чыгып баштаса анда андан даарат, гусул ж.б ичимдиктерге колдонсоңуз болот.

(لا لو تغير) بطول (مكث) فلو علم نتنه بنجاسة لم يجز ولو شك فالأصل الطهارة. (الدر مع الرد، كتاب الطهارة (ج/١، ص/١٨٦، ط:سعيد). (البحر الرائق، كتاب الطهارة، (ج/١،ص/٦٨، ط:سعيد).

الماء الجاري بعد ما تغير أحد أوصافه و حكم بنجاسته لا يحكم بطهارته ما لم يزل ذلك التغير بأن يرد عليه ماء طاهر حتي يزيل ذلك التغير، كذا في المحيط. (الفتاوي الهندية، كتاب الطهارة، الباب الثالث، الفصل الأول، ج/١،ص/١٨).

ثم المختار طهارة المتنجس بمجرد جريانه. (الدر المختار مع الرد، كتاب الطهارة، ج/١،ص/١٩٥، ط: سعيد).

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?