Суроо: Ассаламу алейкум! Кирне кириптир деп калышат, негизи шариатта кирнелетүүгө уруксаты?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Кыргыздар "кирне" кирип калыптыр, кирнелеп койуш керек деп бирөөнүн көзү тийип, суугу тийип калганды айтып койушат.  Албетте мындай нерселер б.а. көз тийүүсү же сыйкырланып калуусу да мүмкүн, шариятка да каршы келбейт. Ошол себебтен алардан сактануунун жолун да шарият көргөзгөн. Ал эми, шарият көрсөткөн жол, эгерде дем салууда куфр жана ширкке байланыштуу тыюу салынган эч нерсе жок болсо жана ал дем өзү заатан тасир берет деп эсептебесе, анда уруксат берет, жана ошондой эле Куран аяттары жана хадисте келген сөздөр менен окуп дем салуу жакшыраак. Ал эми, кирнелеп жатканда куфр, ширк сөздөр жок болсо, анда кирнелеп койсо боло берет.

عن عوف بن مالك الأشجعي قال: كنا نرقي في الجاهلية فقلنا: يا رسول الله كيف تري في ذلك؟ فقال: اعرضوا علي رقاكم، لا بأس بالرقي ما لم يكن فيه شرك. (مسلم رقم الحديث: ٢٢٠٠، باب: لا بأس بالرقي ما لم يكن فيه شرك).

عن عمرو بن شعيب عن أبيه عن جده أن رسول الله صلي الله عليه وسلم كان يعلمهم من الفزع كلمات: أعوذ بكلمات الله التامة، من غضبه و شر عباده و من همزات الشياطين و أن يحضرون، وكان عبد الله بن عمر يعلمهن من عقل من بنيه ومن لم يعقل كتبه فأعلق عليه. (أبو داود رقم الحديث: ٣٨٩٣، باب كيف الرقي).

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?