Суроо: Ассаламу алейкум! Устаз биз тарапта кайтыш болгон адамдын мүрзөсүнө таш менен калап курчап коет. Буга шариатта уруксат барбы? Кабырдагы адамга эч кандай зыяны тийбейби? Кээ бирөөлөр айтышат коюлган таш кабырдагы адамга оор болот деп, бул канчалык туура?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Адамдар кабырдын үстүнө чыгып тебелеп салбаш үчүн таш менен курчап кою дурус, кабырда жаткан адамга эч кандай зыян тийбейт. Бирок кабырды кооз же бекем кылуу үчүн анын үстүнө бийик күмбөздөрдү кууру шариатта тыюу салынат.  

 في الرد: (قوله ولا يرفع عليه بناء) أي سحرم للزينة، ويكره لو للإحكام... (قوله لا بأس به إلخ)...وفي شرح المنية عن منية المفتي: المختار أنه لا يكره التطيين. وعن أبي حنيفة: يكره أن يبنى عليه بناء من بيت أو قبة أو نحو ذلك، لما روي جابر رضي الله عنه: "نهى رسول الله صلى الله عليه وسلم عن تجصيص القبور، وأن يكتب عليها، وأن يبنى عليها" رواه مسلم وغيره. نعم في الإمداد عن الكبرى: واليوم اعتادوا التسنيم باللبن صيانة للقبر عن النبش وروا ذلك حسنا. وقال صلى الله عليه وسلم: "ما رآه المسلمون حسنا فهو عند الله حسن". (رد المحتار ۲/۲۳٧ ط: سعيد).

قوله: (وأما قبل الدفن... إلخ)... وقد اعتاد أهل مصر وضع الأحجار حفظا على الاندراس والنبش ولا بأس به. (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص: ٦١١ ط: قديمي).

والله أعلم بالصواب

Жооп берген: FATVA.KG, Администратор
Бөлүшүү
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?