Жооп:
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Адал лактар жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Лак өндүрүүчүлөр мындай лактар сууну өткөрөөрун айтышса да, ал эмес адал маркировкасы болсо да бирок, көптөгөн тесттер алардын сууну өткөрбөөсүн көрсөттү. Анткени, даарат алууда суу тырмакка өтүү керек, болбосо алынган даарат жараксыз болот. Кандай болгондо да, мындай лактардын сууну өткөрөөрү далилденмейинче жана мусулман аалымдары тиешелүү чечим чыгарып бермейинче, мындай лактарды колдонууга уруксат берилбейт. Азыркы учурда алардын сууну өткөрүүсү күмөндүү. Ошондуктан, көптөгөн аалымдар мындай лактар менен даарат алууга болбойт деген өкүм чыгарышты.