Суроо: Эгерде кимдир бирөө уулуна квартира сатып берсе, бирок уулунун кичинекей жана ата-энеси менен жашап жаткандыгына байланыштуу, атасы ал квартираны ижарага берип жана ижара акысын алып жүрсө, анда ушул квартирага зекет берилеби?
Жооп: Кыймылсыз мүлк, эгерде ал сатуу максатында эмес жашаганы алган болсо, анда ал зекет бериле турган мүлккө жатпайт. Жашоо үчүн сатып алынгандыктан квартирага зекет берилбейт. Эгерде алынган акынын өлчөмү зекет өлчөмүнө жетсе же андан ашса жана ортодо бир зекет жылы өтсө, анда квартиранын ижара акысынан зекет берилет. Ал эми зекет өлчөмүнө жетпесе зекет берүүнүн кереги жок.
Эгерде, ижарага алынган акчадан тышкары бөлөк зекет берилүүчү мүлкү болсо, анда ижаранын акчасы жалпы зекет төлөнүүчү мүлктүн эсебине кошулат жана зекет жылы толоору менен жалпы мүлктөн зекет берилет.
“Зекет жылы” ай календары боюнча 12 ай жана ал календарлык жылдын башында эмес, адам нисабы жеткен зекет төлөнүүчү мүлккө ээ болгон күндөн тартып эсептеле баштайт.
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)
وثمنية المال كالدراهم والدنانير لتعينهما للتجارة باصل الخلقة وتلزم الزكاة كيفما امسكهما ولو للنفقة. (البحر الرائق ج:۲ ص: ۲٦٧ ط: سعيد)
الزكاة واجبة على الحر العاقل البالغ المسلم اذا ملك نصابا ملكا تاما وحال عليه الحول. (فتح القدير ج:
۲ ص: ١١۲ ط: كوئته) والله أعلم بالصواب