Фатвалар
Орозо учурунда тишим ооруп атат. Эмне кылсам болот?
29.01.2026

 

Суроо: Орозо учурунда тишим ооруп атат. Эмне кылсам болот?

Жооп: Орозо учурунда тиш катуу ооруса зарылдык себебинен тишти дарылоого жана жулдурууга болот. Бирок кандын алкымдан кирип кетүүсүнөн этият болуу керек. Алкымдан өтүп кетсе орозо бузулат. Ошол үчүн дарыгерге эскертип айтып коюңуз, ал дагы этияттык менен тиштерди дарыласын.

Эгерде  тишти жулдурганда кокусунан кан, же дары ашказанга кире турган болсо, орозо бузулат жана кийин ошол күндүн казасын тутуп берүү керек. Каффара важиб болбойт.

ومن قلع ضرسه في رمضان ودخل الدم إلى جوفه في النهار ولونائما فيجب عليه القضاء إلا أن يفرق بعدم أمكان التحرز عنه غيكون كالقئ الذي عاد بنفسه فليراجع (رد المحتار ٢/٣٩٦ ط: سعيد).

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)  

Бөлүшүү