Фатвалар
Орозо учурунда ПЦР-тестти тапшырууга уруксатпы?
29.01.2026

Суроо: Орозо учурунда ПЦР-тестти тапшырууга уруксатпы?

Жооп: ПЦРдин тестин тапшырууда мазок таңдайдан, тиштердин жумшагынан жана ооз-алкымдын түбүнөн алынат. Ал эми мазок мурун-алкым аркылуу алына турган болсо зонд мурундун сырткы жолдору аркылуу жетиштүү тереңдикке киргизилет. Анткени, тестти алууда колдонулуучу тампон кургак болгондуктан, орозо учурунда бул тестти күндүзү тапшырууга уруксат берилет.

لعدم وجود صورة الفطر وهو الابتلاع وكذا معناه لأنه لا يتغذى به بل النفس تعافه. (رد المحتار ٢/٤١٤  ط: سعيد).

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)  

Бөлүшүү