Фатвалар
Бала эмизем орозо кармасам болобу? Балам кошумча тамак жейт?
29.01.2026

Суроо: Бала эмизем орозо кармасам болобу? Балам кошумча тамак жейт?

Жооп: –  Орозо кармаса болот, эмчек эмизүү орозону бузбайт, анткени бул учурда ичине эч нерсе кирбейт.

 Эгерде эмчек эмизген эне Рамазан айында орозо кармоо менен өзүнүн ден-соолугу же баланын ден-соолугу үчүн кооптоно турган болсо, анда ага орозо кармабай коюуга уруксат берилет. Кийин ал мүмкүнчүлүгү болгондо, калтырган күндөрүн толтуруп коюуга милдеттүү.

في الدر: لمسافر... أومرضعأما كانت أو ظئرا على الظاهر (خافت بغلبة الظن على (نفسها أو ولدها)... (الفطر). (رد المحتار ٢/٤٢٢ طسعيد).

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)  

Бөлүшүү