Суроо: Намазга бекем болуунун жолдорун айтып бересизби?
Жооп: Намаз бул диндин тиреги болгон өтө чоң жана маанилүү ибадат. Кимдин намазы жакшы чыккан болсо, анын калган амалдары да жакшы чыгат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) өз насаатында мындай деген:
عن أبى هريرة رضى الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: إن أول ما يحاسب به العبد يوم القيامة من عمله صلوته، فإن صلحت فقد أفلح و أنجح و إن فسدت فقد خاب و خسر...رواه الترمذى
Мааниси: «Чындыгында, кыямат күнү Алла Таала Өз кулдары менен эсеп-кысап жүргүзүүнү эң оболу намаздан баштайт. Эгерде кимдин намазы жакшы болсо, анда ал ийгиликке жана тилегине жетет. Ал эми кимдин намазы жараксыз болуп чыкса, анда ал ийгиликке жетпейт жана жоготууга учурайт...» (Тирмизи)
Демек, намаздарыбыз ар дайым өз убагында, так жана даана окулуш керек. Ал үчүн төмөнкү нерселерди аткарууну сунуштайбыз:
1) Намаздын пазилети жана намаздары калып кеткендерге болгон коркутуулар тууралу көп окуп, баяндарды угуу;
2) Намазга бекем, такыба инсандар менен көп маектешип, алардан сабак алуу;
3) Нафил намаздарды көп окуу;
4) Күнөө иштен колдон келишинче сактануу;
5) Арам нерселерди жашообуздан алыс кылуу (тамак-аш ж.б.);
6) Ар дайым даарат менен жүргүнгө арекет кылуу;
7) Ар дайым Аллага жалынып, ыклас менен дуба кылуу;
8) Намаздын убактысы кирээри менен дүйнө иштерибизди токтотуп, намазга даярдык көрүү;
9) Эркек кишилер мечитке көп барганды адат кылуу.
Дүйнө жашоосу өтө кыска. Эртели-кеч Жараткандын астына барабыз. Ошондуктан, бир аз жылтыраган нерселерге алданбай. Түбөлүк жашообзду куруп калалы.
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)