Фатвалар
Ижарага алынган жердин үшүрүн ким берет? Ижарага берүүчүбү, же ижарага алуучубу?
26.01.2026

Суроо: Ижарага алынган жердин үшүрүн ким берет? Ижарага берүүчүбү, же ижарага алуучубу?

Жооп: Бул маселеде Имам Абу Ханифа (Алла рахматына алсын) жана Имам Мухаммад, Имам Абу Юсуф ортосунда кайчылаш пикирлер бар. Бирок, көптөгөн аалымдар, алардын ичинен Имам Сарахси (Алла рахматына алсын) жана «Бадаиъ Сонаиъ», «Бахрур-Роик» жана ушул сымал фатва жаатында атактуу китептердин авторлору жана кийинки аалымдар фатваны Имам Мухаммад менен Имам Абу Юсуфтун сөзүнө берип келишет. Ижарага алынган жердин үшүрүн ижарага алуучу адам берет. Мунун бир канча себептери бар:

1)     Эреже боюнча жерден чыккан эгин кимдики болсо, ошол адам үшүрүн берет. Үшүр берүү үчүн жердин ээси болуу шарт эмес. Мисалы: жерди убактылуу колдонгонго (العارية) алган адам жердин үшүрүн берет жердин ээси эмес.

2)   Мурдагы доордо ижаранын акысын, көбүнчө түшүм жыйналгандан кийин ошол түшүмдөн берип келишкен жана жердин ээси үшүрүн ошол учурда берүү адат болуп калган. Ал эми бүгүнкү күндө ижаранын акысы көбүнчө келишимдин башында эле акчалай берилип келет андан кийин жердин ээси ал жерине кайра үшүр алганы барбайт жана түшүм канча болгонун канча үшүр берүү керек экенин да билбейт. Мына ушул себептердин негизинде аалымдар учурда үшүрдү жердин ээси бербей, ижарага алуучу адам берип калгандыгы адатка айлангандыгы үчүн, эгиндин үшүрүн ижарага алган адам берет деп Имам Мухаммад менен Имам Абу Юсуфтун сөзүнө фатва берип келишет.

و لو آجر أرضه العشرية فعشر الخارج على المؤاجر عنده و عندهما على المستأجر وجه قولهما أن العشر يجب في الخارج و الخارج ملك المستأجر فكان العشر عليه كالمستعير...إلخ (بدائع ج: ٢ ص: ٥٦).

رجل استأجر أرضا من أرض العشر و زرعها. قال أبو يوسف و محمد رحمهما الله العشر في الخارج على المستأجر وجه قولهما أن الواجب جزء من الخارج و الخارج كله للمستأجر فكان العشر عليه كالخارج فى يد المستعير. (المبسوط ج: ٣ ص: ٥).

قال العلامة الحصكفي رحمه الله: قالا على المستأجر كمستعير مسلم و في الحاوى و بقولهما نأخذ.

قال العلامة ابن عابدين رحمه الله فإن أمكن أخذ الأجرة كاملة يفتي بقوله وإلا فبقولهما لما يلزم عليه من الضرر الواضح الذي لا يقول به أحد. (فتاوى شامي ٢/٣٣٤، كتاب الزكاة، باب العشر، فروع في زكاة العشر ط: سعيد).

(قوله قواعدنا لا تأباه) كذا نقله الباقاني فى شرح الملتقى عن شيخه البهنسى لأن العلة فى العدول عن العشر الى نصفه فى مسقى غرب أو دالية هي زيادة الكلفة كما علمت و هى موجودة فى شراء الماء. (رد المحتار).

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)  

Поделиться