Фатвалар
Аялым экөөбүз иштейбиз акчабыз ортодо чогуу. Зекетти кантип беребиз. Эркек өзүнүн аял өзүнүн акчасынан берет дешет. Ушул учурга чейин зекетибиз деп эле берип келгенбиз.
26.01.2026

Суроо: Аялым экөөбүз иштейбиз акчабыз ортодо чогуу. Зекетти кантип беребиз. Эркек өзүнүн аял өзүнүн акчасынан берет дешет. Ушул учурга чейин зекетибиз деп эле берип келгенбиз.

Жооп: Эгерде аял жана эркектин чогуу иштеп тапкан акчасы нисабка жетсе анда зекети аялы да күйөөсү да бериш керек. Ал эми бирөөнүн үлүшү нисабка жетпесе, анда ал зекет бербейт. Эгерде сиздин жана аялыңыздын үлүшү нисабка жетсе, анда экөөңөргө зекет фарз болот. Ал эми акчаңар чогу болсо, анда зекет чогу чыгарсаңар деле боло берет. Анын жолу мындай: аялыңыз сизди өзүнүнү атынан зекет берүү үчүн өкүл кылып дайындасын. Ошондо сиз жыл сайын анын үлүшүнөн зекет чыгарсаңыз болот. Аялдын канча үлүшү бар болсо ошол өлчөмдөн анын тарабынан зекетин берип жатам деп ниет кылсаңыз болот. 

Буга чейинки зекетти сиз аялым экөөбуз зекетибиз деп ниет кылган болсоңор, анда чыгарган зекетиңер туура деп эсептелет.

ومنها الملك التام وهو ما اجتمع فيه الملك واليد (الفتاوى الهندية ١/١٧٢ ط: رشيديه).

في الدر: أو نوى عند دفع للوكيل ثم دفع الوكيل بلا نية.

وفي الرد: لما قال في البحر: لو أدى زكاة غيره بغير أمره فبلغه فأجاز لم يجز لأنها وجدت نفاذا على المتصدق لأنها ملكه ولم يصر نائبا عن غيره فنفذت عليه (رد المحتار

۲/۲٦٩ ط: سعيد).(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)  

Поделиться