Суроо: Орозо учурунда сагыз чайнаса болобу?
Жооп: Орозо учурунда сагыз чайноо, же оозуна бир нерсе салып алуу туура эмес (макрух), анткени шилекейи оозунда чайнаган, же салып алган нерсенин даамы менен аралашып, алкымынан өтүп, ичине кирип кетсе, орозосу бузулат. Кандай болгондо да, орозо учурунда бир нерсе чайноого уруксат берилбейт (макрух).
(وكره) له (ذوق شيئ و) كذا (مضغه بلا عذر)... (و) كره (مضغ علك) أبيض ممضوغ ملتئم... إلخ (رد المحتار ٢/٤١٦ ط: سعيد)
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)