Макалалар
Жамгыр тилөө (истиско) намазынын окуу тартиптери жана пазилети
Автор: Зайнидин уулу Дооранбек
26.01.2026

Тема: Жамгыр тилөө (истиско) намазынын окуу тартиптери жана пазилети

بسم الله الرّحمن الرّحيم

الحمد لله ربّ العلمين والعاقبة للمتقين والصلاة والسلام على رسوله محمد وعلى آله وأصحابه أجمعين.

أمّا بعد:

Ааламдардын роббиси болгон Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун жана Анын элчиси Мухаммад (с.а.в), анын үй-бүлөсү жана бардык сахабаларына Аллахтын салам жана салаваты болсун.

Урматтуу туугандар азыркы учурда баарыбызга маалым болгондой күн катуу ысып, айрым жерлерде кургакчылык катуу болуп, эгин талаалардын кургап жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Мына ушул көйгөйдү эске алып шариятыбыз бул учурда бизге эмне кылууну буюрган – мына ошол боюнча кыскача түшүндүрмө берүүнү туура көрдүк.

Ислам дини — адамдардын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги керектөөлөрүн канааттандырган кемчиликсиз дин. Ар кандай кыйынчылыкта Аллахка кайрылуу – момундун милдети. Ошондой кыйынчылыктардын бири — кургакчылык. Кургакчылыкта мусулмандар «Истиско» деп аталган атайын намаз менен Аллахтан жамгыр тилешет. Бул макалада Истиско намазынын фазилети, далилдери жана окулуу тартиби тууралуу баяндайбыз.

Эң эле биринчи кезекте истиско (жамгыр суроо) деген эмне – деген суроого кайрыла кетсек. "Истиско" — араб тилиндеги "استسقاء" сөзүнөн келип чыгып, "суу тилөө", "жамгыр сурап Аллахка жалбаруу" дегенди билдирет. Шариятта болсо, бул — адамдар кургакчылыкта Аллахтан жамгыр сурап, тилек кылуусу.

Истиско (жамгыр тилөө) боюнча Куран, хадисте жана Ханафий фыкх китептеринде да кеңири жазылган.

Аллах Таала Кереметтүү Куранда мындай дейт:

فَقُلْتُ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ إِنَّهُ كَانَ غَفَّارًا * يُرْسِلِ السَّمَاءَ عَلَيْكُم مِّدْرَارًا

Котормосу:

«Мен аларга: “Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал — чындап Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгыр жиберет” – деп айттым».
(Нух сүрөсү, 10–11-аяттар)

Бул аятта жамгыр тилөө менен тообанын байланышы көрсөтүлүүдө. Тообо кылуу менен Аллах жамгыр берет.

Ал эми хадис китептеринде. Пайгамбарыбыз (с.а.в) жамгыр тилеп, атайын Истиско намазын окуганы көптөгөн сахих хадистерде келген.

Риваятта келет:

عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما:
أن رجلاً قال: يا رسول الله، هلكت الأموال، وانقطعت السبل، فادع الله يغيثنا.
فقال رسول الله ﷺ: اللهم اسقنا، اللهم اسقنا، اللهم اسقنا.
(Бухари)

Котормосу:

Абдуллах ибн Умар (р.а) айтат:

Бир адам Пайгамбарга  келип: «Оо Аллахтын Элчиси! Мал-мүлкүбүз кырылып жатат, жолдор жабылды (эл кыйналып калды). Аллахтан бизге жамгыр жаадырсын деп дуба кылыңыз» — деди. Ошондо Пайгамбар :
«Оо Аллах, бизге жамгыр жаадыр! Оо Аллах, бизге жамгыр жаадыр! Оо Аллах, бизге жамгыр жаадыр!» — деп дуба кылды.

 Дагы башка бир риваятта:

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ زَيْدٍ قَالَ: خَرَجَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَى الْمُصَلَّى فَاسْتَسْقَى، وَاسْتَقْبَلَ الْقِبْلَةَ، وَقَلَبَ رِدَاءَهُ، وَصَلَّى رَكْعَتَيْنِ

Котормосу:

«Абдуллах ибн Зайд (р.а) айтты: Пайгамбар (с.а.в) намаз окуучу жайга чыгып, истиско кылды (жамгыр сурады). Кыблага бет алып, чапанын айландырып, эки рекет намаз окуду».
(Бухари, Муслим)

Истиско намазынын окулуу тартибин үйрөнүүбүз зарыл. Биринчи ирээтте убактысын жана ордун тактап алабыз. Истискаа намазы белгилүү убакытка байланыштуу эмес. Кургакчылык болгондо каалаган күндөрү окулат.

Намаз талаада (мусоллада), жамаат менен, имам жетектөөсү алдында окулат. Мечитте окуу да жарай берет, бирок талаада окуу жакшы.

Төмөндө мамаздын тартибтерине токтолобуз.

  • Имам жамаат менен жамгыр тилөө үчүн чыгып баратканда, адамдарга тообо кылуу, зулумду токтотуу, туугандык мамилени бекемдөө, муктаждарга садага берүү сыяктуу иштерди кеңеш кылат.
  • Намаз эки рекеттен турат. Жума намазы сыяктуу, бирок азансыз жана икоматсыз окулат.
  • Биринчи рекетте — «Фатиха» жана башка сүрө, андан кийин рүкү-сажда.
  • Экинчи рекетте — да ошондой.
  • Намаздан кийин имам мимбарга чыгып, адамдарга дуба кылууну, тообо кылууну, Аллахка жалбарууну кеңеш кылат.
  • Андан соң, жамгыр тилөө дубасы кылынат. Имам колдорун көтөрүп, тилек кылат. Эл да кошо дуба кылышат.

Көпчүлүккө риваяттагы “чапанын айландырды” деген сөз түшүнүксүз болуп калуусу мүмкүн. Андыктан бир аз ачыктама берүүнү туура көрдүк.

وَحَوَّلَ رِدَاءَهُ — «Ал (с.а.в) чапанын (аркасы алдына, алды аркасына) айлантты».
(Бухари)

Пайгамбар (с.а.в) чапанын оң жагын солго, сол жагын оңго алмаштырган. Бул — абалдын өзгөрүшүн үмүт кылуу ишаарасы.

Эскертүү: Бул амалды имам гана аткарат. Калган жамаатка тиешеси жок.

Намаз бүткөн соң имамдын багыттоосунун негизинде дароо эле дубага киришүү керек. Дубада кадимкидей эле алаканды жайып колду бийигирээк көтөрүп дуба кылат. Истиско дубасы китептерде ар кандай түрдө келген. Бир мисалы:

اللَّهُمَّ اسْقِنَا غَيْثًا مُغِيثًا، مَرِيئًا مَرِيعًا، نَافِعًا غَيْرَ ضَارٍّ، عَاجِلًا غَيْرَ آجِلٍ

Котормосу:

«Оо, Аллах! Бизге пайдалуу, зыяны жок, мол, тез келген, кечикпеген жамгыр жибер!»

Же төмөнкү дубаны айтса да болот:

اللَّهُمَّ اسْقِنَا، اللَّهُمَّ اسْقِنَا، اللَّهُمَّ اسْقِنَا

Котормосу:

«Оо Аллахым! Бизге жамгыр жибер! Оо Аллахым! Бизге жамгыр жибер!»

Пазилеттери:

1.Истиско намазы себебинен пендеге берилүүчү эң чоң пазилеттердин бири бул - Аллахка жакындоо. Истиско — момундун Аллахка жалбарышы. Аллахка болгон тобокелдиги, муктаждыгы көрсөтүлөт. Аллах момундардын тилегин четке какпайт:

Аллах Таала Кереметтүү Куранда мындай дейт:

ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ

Котормосу:
«Мага дуба кылгыла — Мен кабыл кылам!»
(Гафир сүрөсү, 60-аят)

2.Андан сырткары намаздан кийинки кылган тооболордун себебинен Жараткан Аллах жалпы коомго да руханий (моралдык) жана материалдык пайдаларды берет. Истискаа намазы – коомду тообого, адилеттүүлүккө чакырат. Муктаждарга жардам берүү, садага берүү менен адамдардын жүрөгү жумшарып, коом оңолот.

Жыйынтык

Истискаа намазы — мусулмандардын кургакчылык сыяктуу табигый кыйынчылыктарга каршы жалгыз Кудайга таянуусунун көрүнүшү. Бул намаз аркылуу адамдар ибадатка кайтып, жамааттык тилек менен Аллахтан жардам сурашат. Аллахка жалбарып, коомдогу адилеттүүлүккө кайтып келүү — Исламдын куткаруучу жолдорунун бири.

Жараткан Аллах баарыбызга өзүнө татыктуу пендеси болуп жашоого мүмкүнчүлүк берсин.

 آخر دعوانا أن الحمد لله رب العالمين.

Жазган: Фатва бөлүмүнүн адиси

Зайнидин уулу Дооранбек

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Поделиться
Алкымдын тазалыгы боюнча
Тема: Алкымдын тазалыгы боюнча بسم الله الرّحمن الرّحيم الحمد لله ربّ العلمين والعاقبة للمتقين والصلاة والسلام على رسوله محمد وعلى آله وأصحابه أجمعين. أمّا بعد: Ааламдардын роббиси болгон Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун жана Анын элчиси Мухаммад (с.а.в), анын үй-бүлөсү жана бардык сахабаларына Аллахтын салам жана салаваты болсун. Аллах Таала кереметтүү куранда айтат: ﴿ ي…