Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху.
Бул маселе өтө олуттуу жана назик болгондуктан, аны онлайн түрдө так чечип берүү мүмкүн эмес. Талак маселесинде ар бир айтылган сөздүн ниети, формасы, шарттары жана мурдагы окуялардын баары кылдат текшерилиши керек. Айрыкча сиздерде мурда да талак болуп, кайра нике жаңыртылганы үчүн, учурдагы абалды туура баалоо абдан маанилүү.
Ошондуктан сиздерге эң туура жол — экөөңүздөр тең келип, адистерге жеке кайрылуу. Ал жерде:
1. күйөөңүздүн айткан сөздөрү толук такталат
2. ниети суралат
3. мурдагы талактар эсептелет
4. шариатка ылайык так чечим берилет
Сиздерге жакынкы Муфтиятка (Диний башкармалыкка) же ишенимдүү расмий аалымдарга барып, бетме-бет кеңеш алууну өтүнөбүз.
Аллах Таала үй-бүлөңүздөргө тынчтык, сабыр жана береке берсин.