Фатвалар
Мурдуна чимкирик толуп калса, гусул өтөбү?
22.01.2026

Суроо: Мурдуна чимкирик толуп калса, гусул өтөбү?

Жооп: Негизи гусул кылуунун үч парзы бар:

  1.  Оозуна суу алып  толук гаргара кылып чайкоо;
  2.   Мурдуна суу алып жакшы чайкоо;
  3.  Бүтүндөй денеге суу жеткирүү.

Алла Таала Куранда мындай деп буйрук кылган: «Эгерде булганыч (жунуб, гусулсуз) болуп калсаңар, анда жакшылап (толук) тазалангыла...» (Маида сүрөсү: 6). 

     Демек, дененин кайсыл бир жерине кандайдыр бир нерсе себептүү (мисалы камыр, клей ж.б) кыпындай суу жетпей калса, анда гусул дурус болбой калат. Ошондуктан, эгерде мурдуна чимкирик толуп, суу мурдунун ичине кирбей калса, анда гусул өтпөй калат. Анткени, бул жерлерге суу жеткизүү ашыкча машакатты талап кылбайт. Ошол себептен, гусул алыштан алдын, мурдун жакшылап тазалоо керек. Албетте, бул айтылган сөз эгерде чимкирик катып калган болсо жана жогоруда айтылган мурдунун ичиндеги жумшак сөөккө чейин суу жетпей калса ошого тиешелүү. А бирок, чимкирик суюк болуп, суу мурдунун ичине жетсе, анда гусул дурус боло берет. Ал эми кайсыл жерлерге суу жеткирүү кыйын болуп, ашыкча машакатты талап кылса, ал жерлерге суу жеткирүү шарт эмес. Мисалы: көздүн ичи, бүтөлүп калган сөйкө орду ж.б

في الدر: (و المبالغة فيهما) بالغرغرة، و مجازفة المارن (لغير الصائم)... 

و تحته فى الرد: قوله: (بالغرغرة) أى في المضمضة، و مجازفة المارن فى الاستنشاق،...(رد المحتار، كتاب الطهارة ١/٢٣٧، ط: امداديه)

في الدر: (و فرض الغسل)...(غسل) كل (فمه). (و أنفه) حتى ما تحت الدرن (و) باقى (بدنه)

و تحته فى الرد:  قوله: (غسل كل فمه الخ) عبر عن المضمضة و الاستنشاق بالغسل لافادة الاستعاب...قوله: (حتى ما تحت الدرن) قال فى الفتح: و الدرن اليابس فى الأنف كالخبز الممضوغ و العجين يمنع.اه. و هذا غير الدرن الآتي متنا، و قيد باليابس لما فى شرح الشيخ إسماعيل أن فى الرطب إختلاف المشائخ كما في القنية عن المحيط.(رد المحتار ١/٢٨٥، ط: امداديه)

فى الدر: (لا) يجب (غسل ما فيه حرج كعين)...(و ثقب انضم)

Бөлүшүү