Макалалар
Алкымдын тазалыгы боюнча
Автор: Зайнидин уулу Дооранбек
16.01.2026

Тема: Алкымдын тазалыгы боюнча

بسم الله الرّحمن الرّحيم

الحمد لله ربّ العلمين والعاقبة للمتقين والصلاة والسلام على رسوله محمد وعلى آله وأصحابه أجمعين.

أمّا بعد:

Ааламдардын роббиси болгон Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун жана Анын элчиси Мухаммад (с.а.в), анын үй-бүлөсү жана бардык сахабаларына Аллахтын салам жана салаваты болсун.

Аллах Таала кереметтүү куранда айтат:

﴿ يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا ۖ إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ﴾

 [ سورة المؤمنون: 51]

Котормосу: “Оо, элчилер (Пайгамбарлар)! Адалдардан жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла. Акыйкатта, Мен силердин эмне кылганыңарды жакшы билүүчүмүн”. (Муминун сүрөсү 51-аят.)

         Урматтуу мекендешим Жараткан Аллах Таала өзүнүн жиберген сүйүктүү элчилерине адалдан жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла деп буюруп жатат. Демек мында өтө чоң даанышмандык бар. Адам баласы дайыма адал тамактар менен азыктана баштаганда анын жүрөгү жакшы амалдарды кылганды каалап, жаман кылык-жоруктардан арылып, жаман чөйрөдөн жийиркенип жакшы чөйрөнүү каалап баштайт. Ошондуктан өзүбүз да ар кандай арам жана шектүү азык-түлүктөн алыс болуп адалдан азыктаналы жана аны менен биргеликте үй-бүлөбүздү да адал менен камсыздайлы. Анткени үй-бүлөбүздү адал азык-түлүк менен камсыздоо жана балдарыбызды туура тарбия менен тарбиялоо биздин түзмө-түз жоопкерчилигибиз болуп эсептелет. Урматтуу бир тууганым жакшы амалдын башаты адал тамактан башталат. Кимде-ким дайыма жакшы иштер менен алектенип, дайыма жакшы амалдарды кылуу менен алектенип жүргөн болсо, демек андай жакшы адам болуу себептеринин бир себеби да анын мына ушул  адал ырыскы тапкандыгында.

         Анан дагы адал тамактануу, адал ырыскылануу жана адал азыктануу боюнча Кереметтүү Куранда Аллах Таала  момундарга кайрылат.

Аллах Таала кереметтүү куранда айтат:

﴿يا أَيُّهَا الَّذينَ آمَنوا كُلوا مِن طَيِّباتِ ما رَزَقناكُم وَاشكُروا لِلَّهِ إِن كُنتُم إِيّاهُ تَعبُدونَ﴾

 (البقرة: ١٧٢)

Котормосу: “Оо, ыйман келтиргендер, Биз силерге ырыскы кылып берген нерселердин адалдарынан жегиле. Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор, Аллахка шүгүр кылгыла”. (Бакара сүрөсү, 172-аят.)

Бул аятта өзгөчө момундарга кайрылып айтып жатат. Аллах Таала өзүнүн ыйык китебинде ар бир эле нерсени айта бербейт. Балким адам баласынын дүйнө жана акыретине пайдалуу нерселерге гана басым жасалат. Эгерде биздин жеген-ичкенибиз адал болсо биздин дүйнөбүз да суктанаарлык жашоо жана акыретибиз ийгиликтүү болот. Ошону менен бирге адал ырыскы менен чоңойгон балдарыбыз да жакшы кулк-мүнөз жана мыкты адеп ахлактын ээси болот буюрса. Анткени адамдын жеген тамагы анын жашоосуна сөзсүз таасирин тийгизет.

Ал эми бүткүл ааламга мээрим катары жиберилген Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) куттуу хадисинде төмөнкүдөй баяндайт.

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم
"إن الحلال بين وإن الحرام بين، وبينهما أمور مشتبهات لا يعلمهن كثير من الناس، فمن اتقى الشبهات استبرأ لدينه وعرضه ، ومن وقع في الشبهات وقع في الحرام". متفق عليه.

Котормосу: “Акыйкатта адал да ачык көрүнүп турат жана арам да ачык көрүнүп турат. Ал экөөсүнүн ортосунда көпчүлүк элдер билбеген шектүү нерселер бар. Кимде-ким мына ушул шектүү нерселерден сактанган болсо, анда ал өзүнүн динин жана аброюн сактап калды. Кимде-ким шектүү нерселерге түшүп калган болсо анда ал арамга түшүп калыптыр”. (Бухари, Муслим)

Ааламдардын мырзасы Мухаммад (с.а.в) шектүү нерселерден да адам баласы сактануусу керек экендигин баяндап айтып жатат. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар адал-арам дегенде болгону тамак-аштын гана адал-арамдыгын түшүнүп калышкан. Андан башка да адал-арамдын түрлөрү көп. Тилибиз менен жалган айтып арам акча табышыбыз мүмкүн, же болбосо дене мүчөлөр аркылуу ар кандай туура эмес жумуштарды аткаруу аркылуу арам акча табышыбыз мүмкүн. Азыркы заманда көпчүлүктүн кам-пикири акча табуу жана кара курсакты тойгузуу болуп калды. Болгону ошол кылган иш аркылуу акча келсе болду. Келген акча арамбы, адалбы же шектүүбү эч кимдин иши жок. Эптеп эле дүйнө чогултмай. Тапкан акчабыздын баарын кара курсакты гана тойгузуу болуп калгандыктан биздин жеген тамак ашыбыз ибадатыбызга, кулк-мүнөзүбүзгө, ден-соолук, бала-чака жана башкага өзүнүн таасирин тийгизет. Ошондуктан тапкан акчабыз, жеген тамагыбыз, кийген кийимибиз ж.б. нерселерибизге көңүл буруубуз зарыл. Өзгөчө балдарыбыздын алкымын бузбайлы. Эгерде кайсы бир ата-эне баласына баардык байлыкты үйүп берип, бирок баланы арам менен багып,  тарбиясына көңүл бурбагандык себептен баласы жаман жолдорго түшкөн болсо анда алардын баласына мал-мүлк топтоп бергендигинин эч кандай пайдасы жок.  Макалабыздын башында айткандай биздин алкымдан өткөн тамак биздин амалдарга таасир берген сымал, кылган дуба-тилектерибизге да сөзсүз таасир берет.

Ааламдардын мырзасы Мухаммад (с.а.в) минтип айтат:

 وقوله صلى الله عليه وسلم الذي أبو هريرة رضي الله عنه: "ثم ذكر الرجل يطيل السفر أشعث أغبر يمد يديه إلى السماء: يارب، يارب، وملبسه

 ومطعمه حرام، ومشربه حرام، 

حرام، وقد غذي بالحرام، فأنى يستجاب له" رواه مسلم.

Котормосу: Пайгамбарыбыз (с.а.в) узун сапар кылып чачтары үрпөйүп, үстү чаң болуп эки колун асманга көтөрүп  “Оо Роббим, Оо Роббим”-деп дуба кылган бир кишини эскерип: “Кийгени арамдан, жегени арамдан, ичкени арамдан жана арам менен азыктанган болсо анын дубасы кайдан кабыл болмок эле”-деп айтты. (Муслим)

Дуба-тилектерибиздин кабыл болуусунун да бирден бир себеби адалдан жегенибиз. Эгер жегенибиз арам болсо дубалар кабыл болбойт. Адал жүрсөк Аллах Таалам баарыбызга адал ырыскы берет. Ошондуктан арзыбаган дүнүйө үчүн алкымыбызды булгабайлы. Аллахым баарыбызды алкымыбыздын бузулуусунан сактасын.

آخر دعوانا أن الحمد لله رب العالمين.

Жазган: Фатва бөлүмүнүн адиси 

              Зайнидин уулу Дооранбек

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Бөлүшүү
Жамгыр тилөө (истиско) намазынын окуу тартиптери жана пазилети
Тема: Жамгыр тилөө (истиско) намазынын окуу тартиптери жана пазилети بسم الله الرّحمن الرّحيم الحمد لله ربّ العلمين والعاقبة للمتقين والصلاة والسلام على رسوله محمد وعلى آله وأصحابه أجمعين. أمّا بعد: Ааламдардын роббиси болгон Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун жана Анын элчиси Мухаммад (с.а.в), анын үй-бүлөсү жана бардык сахабаларына Аллахтын салам жана салаваты болсун. Урматтуу…